Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

16:15 Тынч митинг, демонстрация өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет


Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитет “Жарандардын эркин куралсыз тынч митинг жана демонстарцияларды өткөрүү боюнча” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоордун демилгечиси депутат Искак Масалиевдин айтымында, аталган мыйзамга бир катар чектөөлөр киргизилген. Анткени тынч митинг өткөрүү учурунда башка жарандардын укутктары бузулуп жаткандыгына байланыштуу ушундай чектөөлөр киргизилип жатат. Мыйзам долбоорунда жергиликтү администрация шартка жараша макулдук бербөө жактары, адамдар көп өтүүчү жолдорду жана авто жолдорду тосууга тыйуу салынат. Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттардын жанында митинг, пикет өткөрүүгө болбойт. Буга бир катар укук коргоочулар жана коомдук уюмдар каршы болушууда. Бул боюнча парламенттик угуу, талкуулар уюшурулмакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG