Учурда 501,6 миң гектар аянттын жарымынан көбү айдалып бүттү. Буудай себүү 43 пайызга, жүгөрү жыйырма төрт, арпа себүү 68 пайызга аткарылды. Ушул тапта буудайды айдоо Чүй жана Баткен облустарында аяктоодо. Башка аймактарда айдап-себүү иштери ойдогудай жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (AiJu)