Мындай маалымат бүгүн болуп өткөн тегерек үстөл жыйынында белгилүү болду. Нарын районундагы Ташбашат айылынын тургуну Аят Касымалиева Жетимкырка тоосундагы темирдин кенин чалгындоодо ачык маалыматтын жоктугунан улам эл арасында кооптоону пайда болгондугун белгилеп, атайын демилгелүү топ уюшулгандыгын билдирди. “Биздин башкы максат темирдин кенин каздырууга жол бербөө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү”, - дейт Аят Касымалиева. Ал эми Нарын мамлекеттик коругунун адистери темирдин кенин казуудан экологиялык бүтүмдүк бузулат деп эсептешүүдө. “Чалгындоо жумуштарын жасоо үчүн 42 чакырым жол салынган, мындан 1 млн. 848 миң сомдук зыян келтирилген, жылына 63 млн. метр куб өлчөмүндөгү суу жоголуп турат”, - дейт Нарын мамлекеттик коругунун директору Дамир Оморов. (KUs)
17:32 Нарын облусундагы Жетим кырка тоосундагы темирдин кенин каздырбоого карата демилгелүү топ түзүлдү