Бул туурасында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев министрликтин Оштогу көчмө коллегиясында жарыя кылды. Анын ырасташынча Ош шаардык Кеңешинин депутаты, ишкер Айбек Алымжановду, Ички иштер министрлигине караштуу уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча Түштүк башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиевди, “Саясат” гезитинин баш редактору Алишер Саиповду кимдер буюртма кылып өлтүрткөнү болжолдуу түрдө белгилүү. Болгону тергөө иши солгундап кеткени милициянын аброюна көлөкө түшүрүүдө. Оштогу “Жаңы заман” гезитинин баш редактору Эркин Кожогелдиевдин пикиринде, министр Конгантиев дагы бир жолу популисттик билдирүү жасады, буюртма өлүмдөрдүн бетинин ачылышы кыйын, анын артында ар дайым өлкөдөгү таасирлүү кишилер турушат. (АТо)
17:57 Оштогу буюртма өлүмдөрдүн жакын арада бети ачылбаса, тиешелүү жетекчилери кызматынан кол жуушу күтүлөт