Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

18:17 Ысыккөлдө Оргочор асыл тукум кой чарбасынын жамааты жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдирүүдө


Ысыккөлдүн Оргочор асыл тукум кой чарбасын мамлекеттик менчиктен ажыратууну көздөгөн жергиликтүү бийликке жамаат нааразылыгын билдирүүдө. Жетиөгүз районундагы Оргочор асыл тукум кой чарбасы Ысыккөлдөгү бирден бир мамлекеттик чарба. Бирок ал өкмөттөн каржыланбай жаткандыктан Союз убагындагы 4 миллиондой карыз жүн, кой сатуу менен жабылып келатат. Президент Курманбек Бакиев эки жыл мурда Оргочор кой чарбасында болуп, Австралия кочкорлору менен аргындаштырылган мындай асыл тукум малды көбөйтүү үчүн 6 млн. сом бөлүнөөрүн жана 4 млн. карыз мамлекеттин эсебинен жоюуларын убада кылган. Бирок чарба жетекчиси Жеңиш Жаркынбаевдин айтуусунда, өлкө башчысынын мындай убадасы аткарылмак түгүл Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбек Дабытов техниканы жана малды элге таратабыз деп, кеңсени да бошотууну талап кылып кууп чыккан. Чарбанын 60тан ашык дыйкан малчылары буга нааразылыгын билдирип, тиешелүү министрликтерге кат жөнөттү. (RB)

XS
SM
MD
LG