Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Аба ырайы: 16-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын болот


Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 16-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17 градус.
Баткен аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17 градус болот.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус болот.
Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +16…+18 градус.

XS
SM
MD
LG