Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

ТАЖИКСТАН: ҮЙҮНӨН АЖЫРАГАН АЯЛДАР КАМАЛДЫ


Аида Касымалиева, Прага Дүйшөмбү шаарынын полициясы шейшемби күнү таң эртең менен тажик президентинин башкеңсесинин алдында нааразылык иш-чарасын уюштурган 20дан ашуун аялды камакка алды. Бул аялдар жергиликтүү аткаруучу бийликтин көптөгөн эски үйлөрдү бузуу чечимине каршы чыгышкан эле. Аталган чечим Тажикстандын борбор калаасын жаңыртуу долбоорунун алкагында ишке ашып, анын алкагында көптөгөн эски үйлөрдүн ордуна жаңы имараттар салынмак. Бул план Дүйшөмбү шаарынын жүздөгөн жашоочуларынын тагдырына таасир тийгизмекчи. Анын үстүнө үйүнөн ажырагандардын көбүнө мамлекет тарабынан эч кандай каржылык жардам каралган эмес.

Камалган аялдар нааразылык уюштурган 40 демонстранттын - Дүйшөмбү шаарынын Самани (Somoni) районунун жашоочуларынын өкүлдөрү эле. “Президент Имомали Рахмондун башкеңсесинин алдында нааразылык иш-чарасын уюштургандарга полиция күч колдонуп, аларды автобустарга салып кетти,” - дешет күбөлөр.

Камакка алынган аялдардын айтымында, алар бир нече сааттан кийин, “болочокто мындай иш-чараларга катышпайбыз” деген убада беришкенден соң бошотулушкан.

Самани райнунда 14-апрель күнү да жергиликтүү администрация имаратынын алдында ушул эле көйгөй боюнча митинг өткөн.

Демонстранттар цемент заводунун айланасындагы жайгашкан 30 чакты үйдө турушат.

Дүйшөмбү шаарынын тургуну Жамалдин Сиражов да (Jamollidin Sirojov) нааразылык акциясына катышкан. Жамалдиндин сөзү боюнча, анын үйү 2 жыл мурун бульдозер менен сүрдүрүлүп, андан бери Жамалдин үйбүлөсү менен ижарада турат. Үйүнөн ажыраган Жамалдин, мамлекеттен эч кандай акчалай же башка жардам албаганын айтат:

- Менин үйүм бузулуп салынган. Кайда бараарымды же эмне кылаарымды билбейм. Мен өкмөттү түшүнбөй турам – алар эмнени көздөп жатышат: жаңы нерсе курууну же курганды бузуунубу?!

Дүйшөмбү шаарынын Мэриясы билдиргендей, имараттарды бузуу чечими мурда эч кандай уруксааты жок эле жеке үй куруп алгандарга гана тиешелүү.

Ага кошумча шаардык бийликтин өкүлдөрү ар бир үйбүлөгө шаардан оолак жайгашкан жерден 900 чарчы метр жер берилээрин ырасташууда. Бирок эски үйүнөн ажырган шаар тургундарына жаңы үй курууга эч кандай акча же куруучу материалдар берилбейт экен. Акчалай жардам эң жакыр үйбүлөлөргө гана көрсөтүлмөкчү. Бул тизмеге айына 6 АКШ долларынан аз акча тапкан бүлөлөр гана илинишет. 6 доллар – бул Тажикстандагы эң төмөнкү айлык болуп эсептелет.

Ушуну эске алганда, үйүнөн ажыргандардын дээрлик бардыгы компенсациядан курукол калчудай.



Гулистан Темурова (Guliston Temurova) Дүйшөмбү шаарынын Кухдоман районунун тургуну. Бул аймакта жайгашкан үйлөр да жакында сүрдүрүлмөкчү. Ошондуктан бул жердеги үйлөргө электр жарыгы жана суу 2 жылдан бери берилбейт.

- Балдарыбызды ушундай ахыбалда жашай бергиле деген бийлик уялыш керек. Суу жок, электр жарыгы берилбейт. Адамдар катаал турмушту башынан өткөрүшүп, кысмакка алынышууда.

Анткен менен бийлик өкүлдөрү шаар тургундарынын суранычы боюнча борбор калааны кайра куруу иш-аракетин улантып, “калаанын жарашыгын арттыраарын”, “заманбап жана ыңгайлуу үйлөрдү” тургузаарын убада кылууда.

1920-жылы ордо шаар катары тандалып алынган Дүйшөмбү, Тажикстандын Кожент өңдүү башка шаарларынан айырмаланып, чынында эле көрксүз, кунарсыз.

Көптөгөн шаар тургундары жаңы имараттардын курулушу менен шаардын көрүнүшү оңолот деп үмүттөнүшүүдө.

Ал эми үйлөрүнөн ажыраган берки жээктеги шаар тургундары азыр мамлекеттин жардамысыз эле туугандарынын же башка жакындарынын үйлөрүндө жашап жатышат.

XS
SM
MD
LG