Автоунаага салынган бомба Диял провинциясынын борбору Баакуба шаарындагы административдик имараттын жанында жардырылган. Андан 50дөн көп киши каза таап, ондогондору жарадар болгон. Рамади шаарында полиция кызматкерлери тамактанып жаткан ресторандагы жардыруудан 13 киши каза тапкан. Багдаддагы жардыруудан болсо бир киши набыт болду.