Бухара облусунун соту акын Жусуп Жуманы беш жылга жана анын уулу Бобурду үч жылга эркинен ажыратты. Ата-балага акимиятка акаарат келтирген, алардын өкүлдөрүнүн денсоолугуна зыян келтирген деген айыптоолор коюлган. Алар өткөн жылы декабрь айында Ислам Каримовдун саясатына каршы Бухарада нааразылык акциясына чыккан мезгилде камакка алынган.