Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

КАНАТ АМАНКУЛОВ: "БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯР"


Өткөн жумада Бээжинде 205 өлкөнүн улуттук олимпиада комитеттеринин жетекчилери Эл аралык олимпиада комитетинин Конгрессине катышып, олимпиадага даярдыктар, имараттар менен таанышты. Бул Конгрессте кандай маселелер каралды? Бээжин олимпиаданы кабыл алууга даярбы? Кыргызстандык спортчулардан кимдер Бээжинде ийгиликке жетүүсү ыктымал? Бээжинде Кыргыз мамлекетинин олимпиадалык үйү, маданият күндөрү болобу? Кыргызстандык спортчулардын олимпиадага даярдыгы неге начар болууда? Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макештин мына ушул сыяктуу суроолоруна Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов жооп берген.

-Сиз жакында Бээжинде өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынына катышып келдиңиз. Бул жыйында эмне маселелер каралды?

-205 мамлекеттин Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери келишти, жалпы эсеп менен 700дөн ашык делегат болду. Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясы бар, ошол 2 жылдан бери кылган Эл аралык олимпиада комитетинин департаменттери, бөлүм башчылары отчетун кабыл алдык.

Олимпиада менен саясатты бириктирип, башаламан кылып аткан эл аралык уюмдардын олимпиадага барбас бойкотуна каршы резолюция кабыл алып, аны эл аралык олимпиада комитеттин жетекчиси Жак Рогге “саясат менен спортту такыр байлыныштырууга болбойт” деп расмий түрдө айтып берди.

Эң бир жакшы жаңылыктары - бул 2010-жылы Сингапурда Биринчи дүйнөлүк жаш өспүрүмдөрдүн олимпиадасы болот. Бул олимпиада чоңдордун олимпиадасынан толугу менен айырмасы болот. Билимдүү жаш өспүрүмдөрдү алып барып, спортсмендерибиз болсо спортко катышат, билимдүү жаш кыздар, балдарыбыз болсо уюштуруу иштери менен жүрөт дагы, анан ошол жака барып келген жаш өспүрүмдөрдүн бирөөсү Эл аралык олимпиада комитетинин биздин Улуттук олимпиада комитетинде бүт укуктары менен иштеп элчиси болуп шайланат. Бул Азиянын олимпиада кеңеши 2009-жылы, ошондой эле биринчи Азия жаштарынын олимпиадасын өткөрөбүз деп чечим кабыл алды ошол эле Сингапурда.

-Бээжин олимпиадасына даярдыктар кандай экен? Стадиондор жана спорт жайлары менен таанышып чыктыңыздарбы?

-Имараттарынын баары, жата турган жайларынын бардыгы тең жакшы бүтүп калыптыр. Олимпиада ачылып, жабыла турган жана жеңил атлетика боло турган борбордук стадион бир айдын ичинде бүтөт экен. Калган имараттардын бардыгы өтө чоң деңгээлде бүтүп, дайындык болуп калыптыр.

-Канат мырза, ар бир мамлекет олимпиадалык оюндарда өзүнүн үйүн, же болбосо өзүнүн маданият күндөрүн өткөрчү. Кытайда дагы кыргыздар өзүнүн боз үйүн тигип, маданият салтын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болобу?

-Депутат Аскар Салымбеков чоң жардам берип, ошол жерден бир мейманкананын жетекчиси менен тааныштырып, ошол мейманкананы биз көрүп, ошого ылайыктап, ошонун алдына боз үй тигебиз деген ой-максат менен бардык, көрдүк, ал жер бизге жакты. Бүгүн-эртең Мурат Назарбекович, олимпиада үйү деп коет, мамлекеттик жетекчилер менен жолугуп, сунушун келтирет, андан тышкары буга каражат бөлдүргөнгө дагы мамлекеттен аракет кылабыз, маданиятыбызды көрсөткөнгө да каражат керек да.

Спортчулардын укугун ким коргойт?

-Кайсы спорттун түрлөрү боюнча Бээжин олимпиадасында кыргызстандык спортчулар ийгиликке жетиши мүмкүн?

-Биздин эң негизги ой-максатыбыз Кыргызстандын балбандарына, жалпы эле барган спортсмендин барына эле биздин үмүтүбүз чоң. Спорт деген спорт да, ким билет, бүгүнкү экинчи деңгээлдеги спортсмен жогорку деңгээлге чыгып кетээрин, спортто ар кандай болот. Ошон үчүн биз ар бир Кыргызстандан алып бараткан спортсменибизге көңүл буруп, ар бирине чоң үмүтүбүз бар.

-Тибеттеги окуяга байланыштуу олимпиадалык оюндарга бойкот жарыялайбыз, барбайбыз деген дагы коомдук уюмдар, өлкөлөр болуп атпайбы, ошол боюнча сиздин пикириңиз?

-Бир дагы спортко тиешелүү эл аралык уюм бул боюнча кайрылган жок. Спортко тиешеси жок артисттер, башка укук коргоо уюмдардын мүчөлөрү ушундай сунуш келтирип атат. Кандайдыр бир алардын ишине киришпегенден кийин алардын деле биздин ишибизге киришкенге таптакыр укугу жок. Биздин спортсмендердин укуктары бар. Төрт жылдан бери даярданып, денсоолугун кетирип, мамлекетти ошол жерден көрсөтөбүз деп атат. Булардын укугун ким коргойт? Бул чоң саясат. Ага карабастан олимпиада чоң деңгээлде өтөт. Кытайдын өзүнүн ичинде болуп аткан маселени өздөрү чечиш керек.

-Олимпиадалык оюндарга карата кыргыз жергесинде дагы ушундай иш чаралар, мааракелер, же болбосо спорттук оюндар болобу?

-Майдын баштарында “Бишкектен – Бээжинге” деген Бээжин олимпиадасына карата чоң олимпиада күндөрүн өткөрөбүз. Компаниябыз “Шоро” дагы сунуш келтирип атат спонсор болуп беребиз деп. Ошолор менен биз келишим түзүп, алар менен чоң, жакшы Бээжинге караштуу мааракелерди өткөрөбүз деген ой-максатыбыз бар.

”Ар бир спортчу Улуттук олимпиада комититинен 600 доллардан алат”

-Эл аралык олимпиада комититинин Тилектештик стипендиясын олимпиадага барчулар алып атабы, же андан сырткаркы да спортчуларга берилип атабы?

-18 ай калганда Эл аралык олимпиада комитети стипендия бөлүп берет, жалпы эсеби менен Кыргызстан мамлекетине 6 миң доллар бөлүнүп берилген. Эң алдыңкы спортсмендердин жыйырмасын сунуш кылып, ону өткөн. Ошол он спортсменибиз бүгүнкү күндө Олимпиадага чейин стипендия алышат, үч айга алдын ала алып беребиз. Булардын өздөрүнүн кредиттик карточкаларын биздин “Казкоммерц Кыргызстан банк” берген спонсор катары, акчалары ошол жака түшүп турат, үч ай өткөңдөн кийин алар бизге келип отчетун берип, биз отчетун бекиткенден кийин үч ай алдына акчасын берип турабыз. Ар бир спортсменибиз бизден эле, Улуттук олимпиада комититинен 600 доллардан алат. Бизден тышкары мамлекеттен дагы 10 миңден 25 миң сомго чейин айына стипендия алып турушат.

-Азыркыга чейин олимпиадалык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө шыктандырган өкмөттүк сыйлыктар белгилене элек. Эмне себептен?

-Биринчи вице-президент Александр Воинов мамлекеттин президенти Курманбек Бакиевдин жардамчысы спорт боюнча, биз ага сунуш келтиргенбиз. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин ал боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алына элек.

-Олимпиаданы уюштуруу даярдык боюнча комитет түзүлдү эле. Ошол эмне себептен иштебей атат?

-Мына жакында эле ошол мамлекеттин токтому кайра жаңыртылган Олимпиада Бээжинге баруу боюнча. Ошого мен дагы мүчө болуп киргем, жеңил атлетика федерациянын башчысы болуп. Эмне себептен, же кандайдыр бир көңүл бурулбастыктанбы бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жыйын боло элек, кандайдыр бир көңүл да бурула элек, кандай даярданып атат, кандай деңгээлде болгону жатат, эмне кыласыңар, кандай барасыңар деп бүгүнкү күнгө чейин өкмөт көңүл бура элек.

Биз Улуттук олимпиада комитети өзүбүз менен өзүбүз эле колдон келген ишти кылып атабыз. Бирдиктүү бир багытта бир дагы чогула элекпиз. Биздин кандай проблемаларыбыз бар, кандай чечели деген боюнча чечим кабыл алына элек. Ошол боюнча бүгүн-эртең биздин президентибиз Саралинов министрлер менен, агенттиктин жетекчилери менен жолугуп, сунуш келтирип, бир жыйынтыкка келсекпи деген оюбуз бар.

-Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG