Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

15:58 Президент К.Бакиев 17-18-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат


Расмий сапарынын учурунда кыргыз президенти Курманбек Бакиев өзүнүн казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынына катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, президенттик расмий делегацияга президенттин администрация башчысы М.Садыркулов, жумурияттын Тышкы иштер министри Э.Карабаев, Энергетика министри С.Балкыбеков, Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров, Транспорт жана коммуниция министри Н.Сулайманов, Билим берүү жана илим министри И.Болжурова, Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы А.Рыскулова, Улуттук банктын төрагасы М.Алапаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Рустамбеков киришет. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Кайсыл келишимдерге кол коюлары тууралуу жеринде кабар берилет, деди Д.Эсеналиев. (TD)

XS
SM
MD
LG