Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

19:02 К.Мусуралиев: “Куш тумоосунан Кыргызстанда 300 миң адам жабырланышы мүмкүн”


Өтө дартмандуу куш тумоосун таратуучулар болуп сууда сүзүүчү келгин куштар эсептелинет. Тилекке жараша бул илдет Кыргызстанда каттала элек. Бирок адистердин божомолунда куш тумоосунан өлкөдө 300 миң адам жапа чегип, 100 миң адамдын каза болоорлугу тууралуу кооптонуулар бар. Алдын алуу максатында облустагы 140 мал доктуруна, айыл өкмөт башчылары үчүн окуулар өткөрүлдү. Бирок тумоого карата вакцина мамлекетте жок. Мындай маалыматты Чыгыш аймактык ветеринария башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Калыбек Мусуралиев “Нарын kg” медиа борбордо болуп өткөн жыйында билдирди. Ал эми “Каратал Жапырык” мамлекеттик коругунун кызматкери Чолпон Ындыева Соңкөл менен Чатыркөлдө май айынан тарта келген куштарга карата тыкыр көзөмөл жүргүзүлөөрүн маалымдады. Айрым маалыматтар боюнча, соңку жылдарда куш тумоосу 70 мамлекетте катталып, 14 өлкөдө адамдарга жуккан жана 229 адам каза болгон. (KUs)

XS
SM
MD
LG