АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германиянын расмий өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы маселени талкуулашты. Атап айтканда, жыйында экономика, коопсуздук жана технологиялар чөйрөсүндө Тегеранга сунуш кылына турган жаңы демилгелер сөз кылынды. Кытай делегациясынын жетекчиси Хи Яфей тараптар сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо планы боюнча макулдашышканын билдирди. Жакында президент Махмуд Ахмадинежад эларалык коомчулук кандай жардам сунуш кылбасын, Иран уран байытуу ишинен баш тартпайт деп билдирген.
Шанхайда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германиянын катышуусундагы жыйын өттү