Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

КАЗАКСТАН: БУУДАЙ ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Казакстан эми сентябрга чейин буудайды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/DCFA490A-AB9A-4883-8C6E-D016C3D3CFE2.asp чет-мамлекеттерге сатпай турган болду. Мындай чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана дандын дүйнөлүк баасынын көтөрүлүшү ички базарга терс таасирин тийгизбеши үчүн жасалганы айтылууда. Кыргызстан менен Тажикстан коңшулаш Казакстандан жылына 200 миң тоннадан ашуун буудай алып турат. Эми Казакстан буудай экспортуна тыюу салган соң, Кыргызстан буудайды кайдан алат?

Дароо эле айта кетели, азырынча Казакстан буудайды гана экспорттоого тыюу салды. “Андыктан Кыргызстанда нан жетишсиздиги күтүлбөйт”, - дейт “Акун” компаниясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков:

- Сырттан, биринчи кезекте ошол эле Казакстандан көбүрөөк ун келе баштайт. Казакстандан буудай деле алып келинет, бирок эгер тыюу салынса, ал аткезчилик жолу менен келип калат.

Айыл чарба министирлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, элдин талабын канааттандыруу үчүн өлкөгө жылына 1 миллион алтымыш миң тоннага жакын буудай керек. Азырынча буудай жетишсиз, бирок кыргызстандыктар буудай же ун жаатында кооптонбой эле коюшса болот, дейт министирликтин айыл-чарба азык-түлүктөрүн сатууну өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Амангелди Абдырахманов:

- Кыргызстанга былтыр көбүрөөк буудай жана ун алынып келинген. Ал июндарга чейин кеңири эле жетип турат. Октябрда жаңы түшүм алабыз. Аны былтыркыга караганда көбүрөөк себип, буудай толукталат деген аракет бар. 800 миң тонна өндүрөбүз деп айтылууда. Жетпеген 250-300 миң тонна бары бир келет. Биз Казакстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстанда буудайдын баасы дагы кымбаттайт

Астанада азыр азык-түлүк коопсуздугу боюнча өкмөт аралык жыйын өтүп жатат. Ага Казакстан менен Кыргызстан гана эмес, баардык КМШ өлкөлөрү катышууда. Эске сала кетсек, Казакстан жыл сайын өндүргөн 20 миллион тонна буудайдын жарымынан көбүн чет өлкөгө сатчу. Бирок дүйнөлүк базардагы буудай баасынын кымбатташы Казакстандан өтө көп буудай чет-мамлекеттерге чыгарылып кетишине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул жаатта чектөөлөр киргизилерин казак премьер-министри Карим Масимов өткөн аптада эле айткан.

Кыргызстанда да буудай кымбаттайт. Тагыраак айтканда, ал качан эле кымбаттап баштады. “Акун” компаниясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков:

- Таңсыктык, дефицит, сөссүз түрдө баанын кымбатташын шарттайт. Быйыл эртелеп эле таңсыктыктын белгилери пайда болуп, буудайдын баасы мартта бир көтөрүлдү. Эми казактар буудай экспортуна тыюу салып, Кыргызстандын кампасындагы буудай түгөнө баштап, май айында да баа көтөрүлсө, анда жаңы түшүмдүн баасы чабыла элек жатып көтөрүлө баштайт деп айтсак болот.

XS
SM
MD
LG