Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

“КЕРЕМЕТ ҮКӨК”: УЛУТТУК ТЕАТР ТҮРКИЯДА


Кыргыз Улуттук драма театры Чыңгыз Айтматовдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/DA2934D6-3B89-4A5A-9495-E10AE6C24332.asp “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасы менен Түркиянын Кония шаарында 24-апрелге чейин өтө турган эл аралык театралдык фестивалга катышып жатат.

Түркиянын Кония шаарында өтүп жаткан эл аралык театралдык фестиваль эл аралык ТЮРКСОЙ уюму жана Кония шаарынын мамлекеттик театры тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Улуттук драма театрына чакыруу жиберилген. Фестивалга катышып жаткан Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасы Түркменистандын эл артисти Какажан Аширов тарабынан сахналаштырылган.

Театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зухра Жамангулованын пикиринде, Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасы эл аралык фестивалга катышууга ылайыктуу чыгарма:

-Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” спектакли өткөн жылы Бишкектин көрүүчүлөрү тарабынан өтө жылуу кабыл алынган эле. Андыктан театрдын жамааты бул чыгарманы фестивалга жөнөтүүнү туура тапты.

Спектаклдеги башкы жана негизги ролдорду Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыргызбай Осмонов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Калича Сейдалиева, Шайыр Касмалиева, Марат Козукеев, Сатылган Сазаев жана башкалар аткарышат. Чыңгызхандын ролунда – Кыргызбай Осмонов, ал эми Чыңгызхандын оң колу болгон Арасандын ролунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев:

-Бул чыгармадагы Арасан – Чыңгызхандын оң колу, “бөрк ал десе, баш алган” желдет. Кыскасы, Чыңгызхандын буйругун эки эселеп аткарып турган адам. Мен анын ролун көп кыйналбай эле аткарып жатам.

Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” повести совет учурундагы идеологиялык кысымдан улам “Кылым карытар бир күн” романынан алынып салынган эле. Белгилүү Айтматовчу Абдылдажан Акматалиев “Чыңгызхандын ак булутунун” Чыңгызхан жөнүндөгү башка чыгармалардан өзгөчөлүгүнө белгиледи:

-Чыңгызхан тууралуу башка чыгармаларда көбүнесе анын жортуулдары, согушкердиги чагылдырылса, Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасында Чыңгызхандын адамдык ички жан дүйнөсү, анын иштерине карата башка адамдардын ой-пикирлери философиялык бүтүмдөр менен көтөрүлгөн.

Түркия мамлекети мындай эл аралык театралдык фестивалдарды кийинки 10 жылда жыл сайын өткөрүп келатат. Бул алардын экономика менен убара болуп атып, маданиятты жоготуп алгандан кийинки аракети болуп атат, деди мындай фестивалдардын бир канча жолку катышуучусу Сатылган Сазаев:

-Кыргыз маданияты чынын айтуу керек, кийинки убакта төмөндөп кетти. Мына түрктөр чакырылган театрлардын бүт чыгымын көтөрүп, жыл сайын мындай фестивалдарды өткөрүп атышат. Бирок алар утуп атышат. Дүйнөлүк театрлардын оюндарын эл көрсүн деп көпүрөлөрдүн үстүндө, тарыхый жайлардын, музейлердин алдында өткөрүшүүдө. Алар элди маданиятка тартуу аракетин көрүп жатышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG