Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекске киргизилип жаткан мындай жобону Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда жактырды. Жобого ылайык, маалымат берүүдөн баш тарткан мамлекеттик кызматкерге 500 сомдон 1 миң сомго чейин айып тагылыш мүмкүн. Жогорку Кеңештин төрагасы А. Мадумаровдун айтымында, бул журналисттердин маалымат алууга укугун тереңдетет, анткени маалымат бербеген чиновник административдик жоопкерчиликке тартылат.(MSu)