Президенттин басма-сөз кызматынан маалымдашкандай, ушул эле күнү К. Бакиев менен Казакстандын президенти Н. Назарбаев мамлекеттер аралык кеңешменин экинчи отурумуна катышат. Анын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы интеграциянын, соода –экономикалык, инвестициялык жана маданий –гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык саясатка тиешелүү темалар талкууланат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Президент К.Бакиевдин Казакстанга алгачкы сапары 2006-жылдын 4-5 июлунда болгон.(MSu)