Бул тууралуу бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы чыкты, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. Жарлыкка ылайык, 2000 сомдук акчалай
колдоо бир ирээт берилет жана колдоону ала тургандардын катарына 1941-жылдын 8-сентябрынан тарта 1944-жылдын 27-январына чейин (Ленинград шаары фашисттик күчтөр тарабынан курчоодо турган мезгилде) Ленинграддагы ишканаларда кызмат өтөгөндөр, “Ленинградды коргогону үчүн” деген медалды алгандар, “Курчоодогу Ленинграддын тургуну” белгинин ээлери, ал учурда концлагерлерде, гетто жана күч менен жаткырылчу башка жайларда кармалгандар киришет. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө да 500 сомдон жардам берилет. Жалпысынан бул максатта колдоо көрсөтүү үчүн 18,8 миң сом бөлүнө турганы кабарланды. (TD)