Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

16:25 Казакстан менен Кыргызстан ортосунда расмий сүйлөшүүлөр бүгүн өтөт


Бул тууралуу президент К. Бакиевди Казакстанга коштоп барган администрация жетекчиси Медет Садыркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жарым сааттан кийин эки өлкөнүн президенттери К. Бакиев менен Н. Назарбаев сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Жолугушуу 45 мүнөткө созулаары айтылууда. Андан соң президент кеңири составдагы жолугушууга катышат. “Расмый сүйлөшүүлөрдүн бардыгы бүгүн өтөт жана анын жыйынтыгы боюнча 7-8 документке кол коюлары күтүлүүдө”, дейт М. Садыркулов. Эки өлкөнүн лидерлери эмне маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү, жолугушуудан кийин гана белгилүү болоорун администарция жетекчиси айтты.(MSu)

XS
SM
MD
LG