Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:19

16:45 “Акыйкат үчүн“ кыймылы жана Коомдук парламент: УТРКнын Элдик курултайга болгон мамилеси элдин таламдарына каршы багытталган


УТРК республиканын ар бир областынан келген 1500гө жакын делегаттын, 2000дей эл өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин бурмалап, так эмес маалымат берди, деп айтылат кыймыл ттарктан билдирүүдө. Кыймылдын белгилешинче, мындай маанидеги саясий окуя болот деп күтпөгөн бийлик төбөлдөрү өлкөнүн коомчулугуна Курултай жөнүндө маалымат берүүнү каалабастан эки күн бою маалымат берген жок. Ошондон улам УТРК жана өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттары калкка туура эмес маалымат берүүгө жана Курултайдын делегаттарын жаманатты кылууга аракет жасашты. Кыймылдын жана Коомдук парламенттин мүчөлөрү Кыргызстанда адам укуктары, өзгөчө сөз эркиндиги, жыйын өткөрүү эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги одоно бузулуп жатканын билдиришти. Алар жарандарынын укуктарын басмырлап жаткан мамчиновниктер жана журналисттер жоопко тартылышы керектигин айтышууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG