Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

19:10 Суусамыр өрөөнүндө алгачкы медициналык жардам көрсөтүүчү бөлүм курулат


Бул туурасында Жайыл райондук оорукананын башкы врачы Болот Майканаев «Азаттыкка» кабарлады. « Ош-Бишкек жолунда соңку учурларда авто кырсыктар арбын катталып, Төө ашуудан көптөгөн адамдардын кан басымы көтөрүлүп, айрым учурда адам өлүмүн шарттаган жагдайлар бар. Ошол себептүү Ош-Бишкек жолунда медициналык жардам көрсөтүүчү бөлүмдү ачуу идеясы көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келген. Ал эми учурда аталган жайды куруу үчүн ыңгайлуу жана мобилдик телефон тарта турган жер такталууда»,- деди Б. Майканаев. Быйыл бул иш толук аткарылып, медициналык кызматкерлерден турган чакан топ элге кызмат көрсөтө баштайт. (JJ)

XS
SM
MD
LG