Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

19:23 Жалалабатта чегарачылардын муктаждыктары талкууга алынды


Чегарачылардын көйгөйлөрүн талкуулаган жыйынга облус жана район, шаарлар менен укук тартип коргоо уюмдардын башчылары катышты. Жыйын чегарачылар отряды жайгашкан облустун Шамалдуусай шаарчасында жабык эшик артында өтүп, ага журналисттер катыштырылган жок. Анда чегарачылар кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациялоо иши жай-баракат жүргөндүктөн эки тараптан тең түшүнбөстүктөрдүн айынан мыйзам бузуулар болуп жатканыдыгын жана чек аранын тактоо ишине жергиликтүү тургандарды да тартуу маселесин козгошкон. Облустун губернатору Кошбай Масиров райондордун акимдерине чегарачылардын унаа каражаттары үчүн мотоцикл менен камсыз кылууну, көмөкчү чаралар үчүн жер аянттарын ажыратып берүү милдетин жүктөдү. Мындай маалымат 17-апрелде облбийликтин маалымат кызматынан алдынды. Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлүнүн айтымында, облус Өзбекстан менен 790 км. аралыкта чектешет жана аныктоону талап кылган 20 жай бар. (YA)

XS
SM
MD
LG