Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Бишкектеги гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 18-19-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ысыккөл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -3... -8 градуска чейин, ал эми Ош, Жалалабат, Баткен облустарында 0... -5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк гүл ачып калган бак-дарактарга өз залакасын тийгизиши мүмкүн.

18-апрелде күндүз Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 25-30 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6 градус.
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 градус.
Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +2...+7 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6 градус болот.
Нарын жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +1...+6 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -4...-6 градус суук, күндүз +3...+5 градус болот.

XS
SM
MD
LG