Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

19:56 Бүгүн президент К. Бакиевдин казак президенти Н. Назарбаев менен тар чөйрөдөгү жолугушуусу болду


Анда казак президенти Н. Назарбаев кыргыз менен казак бир тууган элдер экенин, аларды жалпы тарых, каада-салттар бириктирип тураарын белгилеп өттү. ”Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 0,5 млрд. доллардан ашып, аны 1 млрд. доллардан ашырганга бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, деди Н. Назарбаев. Президент К. Бакиев эки өлкөнүн өкмөттөрү мамлекеттер аралык Кеңештин чечимдерин турмушка ашыруу үчүн бардык аракеттерин жумшаарына ишенимин билдирди. Жолугушуу учурунда мамлекет башчылар өз ара мамилелердин кеңири спектри боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн абалы жана перспективалары жөнүндө пикир алышышты.(MSu)

XS
SM
MD
LG