Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

12:12 “Лейлек поэзия күнүндө” жети адабий китептин бет ачаары болду


17-март күнү Баткен облусунун Лейлек районунда маркум акын Курбанаалы Сабыровдун туулган күнүн 18-жолу белгилешти. “Лейлек поэзия күнүндө” “Курбанаалы Сабыров атындагы адабий сыйлык” деп аталган негизги байге 5000 сомдук акчалай колдоосу менен “Кызыл” деген тарыхый романы үчүн Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Нууман Сайдуллаевке ыйгарылды. Жаш таланттарды колдоо үчүн түзүлгөн “Талантка таазим” сыйлыгы Гүлнур Кабыловага берилсе, мектеп окуучуларын колдоо максатында түзүлгөн “Сабыр” атындагы сыйлык Лейлек жана Тогузбулак айыл өкмөттөрүндөгү мектептердин эң мыкты окуучуларына тапшырылды. Маркум акын тирүү болгондо бул күнү 66 жашка чыкмак. Иш-чарага Бишкектен акындын жубайы Гүлчахан Сабырова келген. Жаңы китептердин авторлоруна Лейлек райондук акимчилигинен жана “Атажурт” райондук гезитинин атынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды, деп кабарлашты “Азаттыкка” иш-чаранын уюштуруучулары. (TD)

XS
SM
MD
LG