Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

12:28 Парламент мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизди


Добуш берүүнүн алдында Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев мыйзамга өтө көп өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын, акыркы 16 жыл менчиктештирүүнүн жыйынтыгы кейиштүү болгонун көрсөткөнүн белгилеп, фракция долбоорду колдобоо чечимине келгенин айтты. СДП фракциясы да долбоорго каршы экенин фракциянын атынан депутат Роза Отунбаева билдирди. Натыйжада мыйзам долбоору тиешелүү комитеттин корутундусу жана айрым алымча-кошумчалар менен добушка коюлуп, 65 добуш менен кабыл алынды. Долбоордо өкмөткө менчиктештирүүнү Жогорку Кеңештин макулдугусуз жүргүзүү укугу берилген эле. Ошентип ага ылайык, менчиктештирүү жоопкерчилиги өкмөткө берилди. (SM)

XS
SM
MD
LG