Физика сабагы боюнча эл аралык олимпиада Монголиянын байтактысы Улан-Батор шаарында 20-28 – апрель күндөрү өтмөй болду. Бул Тогузунчу азиялык олимпиадага Кыргызстандын алдыңкы алты окуучусу барып катышат. Ал эми химия боюнча Менделеев атындагы эл аралык акыл таймашына Кыргызстандан төрт окуучу бараары белгилүү болду. Ал Өзбекстандын Ташкент шаарында 28 – апрелден тарта 4 – майга дейре болот. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (ESu)