Президент К. Бакиев баштаган расмий топ Кыргызстанга кайтып келгенин “Азаттыкка” президенттик админстрациянын башчысы Медет Садыркулов билдирди. Анын айтымында, сапар ийгиликтүү болуп, күн тартибиндеги бардык маселелер каралып, чечилди. Мамлекеттер аралык кеңештин отурумунан соң кечээ эки өлкө президенттери 5-6 документке кол коюшкан. Ошондой эле Казакстан Кыргызстанга жүз миллион доллар инвестиция бере турган болду. Бул боюнча протоколго бүгүн кол коюлган.(SM)