Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

18:57 Жалалабат облусунда автокырсыктан каза тапкандар көбөйүүдө


Облустун аймагында биринчи токсон күндүктө 87 жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгы аз катталганы менен кан жолдордо каза тапкандардын саны көбөйүү үстүндө. Аталган убакытта болгон авариялардын айынан 37 адам каза таап, былтыркы ушу маалдагыдан 6 адам көп өлдү. 110 киши денелеринен түрдүү жараат алган. Көз жумгандардын арасында 5 бала да бар. Ош-Бишкек жолунда катталган 29 кырсыктан улам 22 киши өмүрүнөн айрылган. Мындай маалымат 18-апрелде ички иштер башкармасынын маалымат кызматынын башчысы Ибрагим Шатманалиевден алынды. Автоинспекция кызматкерлеринин пикири боюнча ылдамдыкты ашыра айдоо жана бетмаңдай келаткан автоунаанын жолуна чыга калуу, айдоочулар тарабынан жол эрежелери сакталбагандыгы жол кырсыктарынын көп болуусуна өбөлгө түзүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG