Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

14:37 Айрым министрликтерди Ош шаарына которуу демилгеси колдоо тапкан жок


Парламентте бүгүн «Айрым министрликтерди жана ведомстволорду Ош шаарына которуу жөнүндө» ЖК токтомунун долбоору каралып, анын демилгечиси депутат Мурат Жураев баяндама жасады. Анда өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара, миграция, жылма миграция сыяктуу биркатар маселелерден улам, айрым мамлекеттик органдардын кеңсесин Ош шаарына көчүрүү сунушу киргизилди. Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев бул өтө олуттуу маселе экенин, бирок аны азыр парламент кабыл алганы менен өкмөт аткара албастыгын айтты. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү болсо бул маселе азырынча эртелик кылаарын, аларды көчүрүүгө чоң каражат талап кылына тургандыгын белгиледи. Ошентип добуш берүүгө келгенде токтом долбоору колдоо тапкан жок. (SM)

XS
SM
MD
LG