Пакистан өкмөтү 2009-жылга дейре 2 миллион 400 миңдей ооган качкынын мекенине кайтаруу планын жарыялаган. Улуттар уюмунун качкындардын иштери боюнча комиссарынын Пакистандагы өкүлү бул планды турмушка ашыруу кыйын болот жана согушкерлердин чырагына май тамызат деп билдирди. Эксперттер Ооганстан коңшулаш Пакистандан мекенине жөнөтүлө турган 2 жарым миллиондой качкынды кабыл алууга кудуретсиз экенин да айтышууда.