Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

НАТО Москванын саясатынан улам Грузияга колдоо билдирди


Орусия Грузиядан өз алдынча бөлүнүп алган Абхазия жана Түштүк Осетия чөлкөмдөрү менен байланыштарын бекемдөө планын жарыялаганынан улам НАТО бүгүн бул маселеде Грузияга колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин президенти Думисани Кумало Тбилисинин өтүнүчү боюнча эмки аптада чукул жыйын өткөрүлүп, анда Москванын Грузиянын эгемендигине каршы аракеттери талкууланаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG