Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

13:20 “Асаба” партиясынын төрагасы алмашты


Бул маселе партиянын бүгүнкү 12-курултайында каралып, акыркы беш жылдан бери партияны жетектеп келген Азимбек Бекназаров төрагалыкка Советбек Жамалдиновдун талапкерлигин сунуштады. Төрага алмаштырууну Азимбек Бекназаров партия жаңы күчтөр менен жаңыланышы керектиги менен түшүндүрдү. Натыйжада Советбек Жамалдиновдун талапкерлигин курултайга катышкан 50дөн ашуун делегаттын баары колдошту. Курултайда Советбек Жамалдинов 52 жашта экени жана мурда советтик-партиялык кызматта иштеп, андан кийин ишкерлик менен алектенгени айтылды. Ал партиянын мүчөлүгүнө былтыр өткөн. Курултайда ошондой эле партиянын 21 адамдан турган жаңы ордо кеңеши түзүлүп, алардын тогузу өлкө аймактарынан шайланды.(SM)

XS
SM
MD
LG