Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

14:27 “Асаба” партиясы Каркыра жайлоосун коргоо комитетин ар тараптан колдойт


Партиянын бүгүнкү курултайында Казакстанга берилип жаткан Каркырадагы жерди жана Ысыккөлдөгу төрт пансионатты коргоо боюнча түзүлгөн комитетти партия ар тараптан колдоору, бул багытта уюштурулчу акцияларга катышаары айтылды. Курултайдын соңунда бийликке жана коомчулукка кайрылуу кабыл алынып, анда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бузулбасын, айыл жериндеги жашоо жакшыртылып, жумушсуздук жоюлсун деген талаптар коюлду.

Казак-кыргыз чек арасы жана Ысыккөлдөгү төрт пансионат боюнча келишимдер парламент тарабынан жактырылышы коомчулукта нааразылыктарды пайда кылып жатканы белдгилүү. Бийлик өкүлдөрү болсо мындан кыргыз тарап уттурбаганын байма-бай айтууда.(SM)

XS
SM
MD
LG