Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

10:45 Б.Наргозуев: Энергетика тармагын талкуулаган жыйын жашыруун өткөн жок


Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегаалы Наргозуев “Азаттыкка” куруп берген маеги учурунда энерготармакты талкуулаган жыйындын жабык эшик артында өтүшүнүн себептерин түшүндүрүп берди. Анын айтымында, жыйын учурундагы кызуу талаш-тартыштарды ачыкка чыгарбоо максатында фракциянын жетекчилиги ушундай чечим кабыл алган. “Биздеги курч талаштарды укпасын, сөз кылышпасын, ар башкача чечмелеп элге алып чыкпасын деп, бирөөлөр баатыр, экинчилер сатылган киши болбосун дегендей максатта ички маселелерди сыртка чыгарбаш үчүн жабык жыйын өттү”, - деди Б.Наргозуев. Парламент депутаты энергетика маселелерин жашырыш үчүн эмес, фракция ичиндеги ички мамилелердин сыртка чыкпашын көздөп гана жыйын жабык эшик артында өткөнүн белгиледи.

16-апрелде энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун парламенттик көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясы жабык талкуулаган эле. Фракция жыйынына катышып жаткан укук коргоочулар танапистен кийин жыйындан күч менен чыгарылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG