“Манас” аэропорту жүргүнчүлөрдү эл аралык стандартта тейлөөгө үйрөнүүдө
Акционердик коомдун маалымат кызматы тараткан кабарга караганда Түркиянын «Turkish Airlines» авиакомпаниясы уюштурган окууга аэропорттун жүргүнчүлөрдү, расмий делегаттарды тейлеген, эл аралык аба каттамдарда кызмат кылган кызматкерлери катышып, сертификат алышты. Ушундай эле кесиптик окуулар буга чейин Стамбулда болгон. Мындай долбоорлор эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда эки тараптуу макулдашуу чегинде ишке ашууда. (BuS)