ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Иран-Ооган чегарасында ооган полициясы менен Ирандын куралдуу күчтөрү кагылыша кетти

Ооганстандын ички иштер министри кармаш ирандык патруль Ооганстандын аймагына кирип келгенден кийин башталганын айтты. Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле ирандык 2 офицер жарадар болгону кабарланат. Ал эми полиция башчысы ок атышуудан жергиликтүү айылдын тургуну набыт болгонун кошумчалады.
​
XS
SM
MD
LG