Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

07:10 Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын жана Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны болот


Анда Каркырага байланыштуу маселе талкууланат. Мындан тышкары кыймылдын региондордо бөлүмдөрүн ачуу маселеси жана кийинки жыйындын күн тартибине кирчүү маселелер каралат. Кыймылдын мүчөсү, “Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Жогорку Кеңеш менчиктештирүү укугун өкмөттүн колуна өткөрүп берип, эми объектилер туш келди сатыла берет. Ошондуктан буга жол бербеш үчүн облусттарда бөлүмдөрдү ачуу менен кыймыл элге маалымат жеткирип турушу зарыл, дейт Т. Акеров. “Акыйкат үчүн” кыймылынын бөлүмдөрү Талас облусунда ачылган жана Чүй областы боюнча бөлүм жакынкы арада ачылганы турат. Кыймыл өз бөлүмдөрүн ар бир облустта ачууну пландаштырууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG