Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

07:35 Кыргызстандагы орус элчилиги Кант шаарында орусиялык аскер кызматкерлерине кол салынды деген пикирде


Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин басма сөз катчысы Виктор Харченконун кечээ “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Орусиялык аскерлер бараткан унаанын жолун “Жип” маркасындагы номуру жок унаа тороп, андан куралчан төрт адам чыгып, эч себебин түшүндүрбөстөн аларды жерге жаткырып алып сабай баштаган. Харченконун айтымында, үчөө милиция кызматкерлеринин формасын кийип жүргөн. Алардын бирөө бир нече жолу ок ачып, базанын бир офицери оор жараат алды. Ал эми элчиликтин мындай маалыматын Кыргызстандын ИИМ четке кагууда. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов “Азаттыкка” кабарлагандай, орусиялык аскерлер милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алар аткан эскертүү огу Зотов атуу офицердин далы жагына тийген. Субановдун айтымында, МАИ кызматкерлеринен качкан номери жок автоунааны милиция кызматкерлери Ысыкатага чейин кубалап барышкан. Темиркан Субанов жараат алган офицер ооруканага жеткирилип, ага операция жасалгандыгын билдирди. Ал эми бул окуя боюнча МАИ кызмактерлерине каршылык көрсөттү деген негизде кылмыш иши козголду. Белгилей кетчү жагдай, Кантта жайгашкан орусиялык аскерий аба базанын аскерлери дипломтаиялык кол тийбестик укугуна ээ.(MSu)

XS
SM
MD
LG