Аталган талкууну Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият жана маалымат саясаты уюштурууда. Акыркы жылдары орто мектептерде окуучулардын билим деңгээли кескин төмөндөп кеткенин билим берүү министрлиги бул жаатта жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде билдирген. Эл аралык иликтөөлөргө ылайык, өткөн жылы иликтөөгө алынган 57 мамлекеттин ичинен мектеп окуучуларынын билим деңгээли эң төмөн Кыргызстанда болуп чыккан. Өзгөчө алыскы региондордо 60 пайызга жакын балдар окуудан жетишпей жатканы аныкталган.(MSu)
07:45 Мектептерде билим берүүнүн сапатына байланышкан маселе 22-апрелде парламенттик ачык угууда талкууланат