Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

“АЗАТТЫКТЫН” ЧЫГАРМАЧЫЛ КЕЧЕСИНДЕ БЕК БОРБИЕВ


Бек Борбиев "Азаттыктын" чыгармачыл кечесинде сулуулардын тузагы, айрым акындардан ырды дурус жазары жөнүндө ой толгоп, ошондой эле бала кезинде атасын элге күлкү кылганын эскерет.

Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Бек Борбиев менен болгон жолугушуу-кечеде автордун “Жапалак” деген ыры да жаңырды.

Алып баруучу: - Суроо барбы Бек-ырчыга.

Жайнагүл: - Бек агай, сиздей мыкты ырчы, сулуу жигит сулуулардын тузагынан кантет болду экен? Түшүп калган учуруңуз болгонбу?

Бек Борбиев: - 15 жыл сахнада жүрүп анан андай тузактарга түшкөн эмесмин десем – калп айткан болуп калам. Бирок ошо тузактардан чыгып кеткен себебим, өмүрлүк жарымдын, балдарымдын – демек, үйбүлөмдүн күчү андан алда канча артыкча экен, мени тартып, куткарып чыгып кетип атты. “Эркинай” деген ырымда бар эмеспи: “Биринчи балам бой тартып, экинчиси басып, үчүнчүсү бешикте жатканда эмне тынчымды аласың?” – дегендей маани. Ушул ырдан деле билсе болот да – мага тузактар ташталып жүргөнүн.

Алып баруучу: - Дагы суроо?

Жаныбек: - Борбиевдердин үйбүлөсүнүн бажыкана менен байланышы күчтүү деген сөздөр айтыла калат? Анын чындыгы канчалык?

Бек Борбиев: - Мен гана байланыштырам Борбиевдерди бажыкана менен. Башка туугандарым иштебейт. Жаштар, силерге айтып коёюн, менин үч дипломум, демек, үч кесибим бар. Биринчи жогорку билимим, мурдагы Фрунзе политехникалык институтунун автомобиль жолдору боюнча куруучусу адистигин бүтүргөм. Экинчиси, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинен бажы кызматы боюнча адистигин алгам, үчүнчүсү, Бейшеналиева атындагы искусство институтунан алган адистигим боюнча, социалдык-маданий тармакты тейлөө боюнча менеджермин. Бажы тармагында болсо 1998-жылдан бери иштеймин. Догдурбек Курманалиев деген деректирибиз болгон, ыраматылык болуп кетти. Ошо киши Бажы кызматынын аброюн бийиктетип, офицерлер үйүн түзгөн. Ошого мени деректирлик кызматка чакырган. Азыр Түндүк бажыканасында “Бишкек-1” деген бекет бар, ошол жерде иштеймин. Бирге иштегендер дагы өнөргө кайдыгер карашпайт, кези менен стимул көрсөтүп турушат.

Алып баруучу: - Бек, Кыргызстанда шоу-бизнести жок деп айтышка болбойт. Анын бир өкүлү өзүңсүң. Анын өнүгүшүн кандай баалайсың?

Бек Борбиев: - Сиз айтып атасыз – Кыргызстанда шоу-бизнести жок десек туура эмес болот деп. Бар деп айтсак да туура эмес болот. Анткени, бизде ага тиешелүү эч кандай инфраструктура жок. Жөнөкөйлөтүп айтканда, музыкаларды жазган мыкты студиялар, видеоклип тартчу жайлар сөзсүз керек да. Алар, башканы кой, кошуна өлкөлөрдүн деңгээлинде да эмес. Ошон үчүн мүмкүнчүлүгү бар кыргызстандык ырчылар Ташкенден жасатып келишет. Ошондой нерселер болсо гана шоу-бизнес бар деп айтсак болот эле. Эң негизгиси, өлкөбүз экономикалык жактан өнүкмөйүнчө - шоу-бизнес баш көтөрө албайт.

Мастура: - Бек агай, бажыга келгенден кийин байыдыңызбы?

Бек Борбиев: - Жок. Мурда эле үстүмдө үйүм, алдымда машинам бар эле. Азыр деле ошол боюнчамын. Үй менен машинаны байлык дешке болбойт, алар – турмушка зарыл керек нерселер. Башка бир комогум деле жок. Токтогулда инимдин бир кафеси бар, ошону эл меники деп коюшат экен. Баса, малым бар анча-мынча – атамдын короосунда.

Алып баруучу: - Чыгармачылык байлык, бала-чака, тууган-урук байлыгы кандай?

Бек Борбиев: - Ал жагынан аябай эле баймын. 400дөй ырым бар экен. Тамашалап айтып калам, ошолордун ар бирин 1000 сомдон сатсам деле үйбүлөмдү жакшылап багам деп. Бир аял, эки уул, эки кызым бар. Эки иним, эки карындашым бар. Ата-энем аман-эсен. Атам агроном, апам орус тили мугалими болуп иштешчү. Азыр пенсияда.

Айназик: - Бек агай, бала кездеги күлкүлүү окуяларыңыздан айтып бере аласызбы?

Бек Борбиев: - Күлкүлүү окуялар менин турмушумда абдан эле көп. Бала кезди эстесек, мен төрт-беш жашар кезимде атамдар мергенчиликке чыгып, анан чаарчык (эликтин баласын) кармап келишиптир. Малканага жайгаштырышты. Мен: “Бул эмне?” деп сурасам – “Коделек – эшектин баласы,” деп коюшкан. Чөп берип, нан берип жүрчүмүн. Аны башкаларга көрсөтүш да кыйын турбайбы – мыйзамдар күчтүү а кезде. Анан бир күнү үйгө келсем эле баягыны союп атышат. Көчөгө чуркап чыгыпмын да: “Э-эй, атам коделек союп ата-ат!” деп кыйкырып жүрө бериптирмин. Ошентип атамды күлкү кылгамын элге.

Алып баруучу: - Бек, ырларыңдын сөзүн көбүнчө өзүң жазганың үчүн сени дайыма сындап келишет. Аны эмне үчүн кулакка илбейсиң?

Бек Борбиев: - Өзү мага жаккан эки-үч эле акын бар – мен ойлогондой лириканы жаза алган. Мисалы, Акбар Рыскулов. А кишинин бир катар ырларына обон чыгаргамын. Анан көбүнчө өзүм жазганга туура келет. Себеби, мага кээде эч кандай философиясыз, жөнөкөй эле ырлар керек болот. Акындар болсо философия кошмоюнча, татаалдатмайынча жаза албайбыз дешет. Анын үстүнө тексттин муун өлчөмдөрү да обонго карата аябай өзгөрүп-сынышы мүмкүн. Ушундай кезде өзүм эле иштеп көнүп калгам. Кудайга шүгүр эле жазам. Ошо мени сындаган акындардан кыйла өйдөрөөк дегендей.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG