Белгилүү режиссер Бакыт Карагулов 24-апрелде Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде студенттер менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызфильм студиясынын башкы редактору Алтынай Темирова билдирди. Режиссер жолугушууда жаштар менен өз тажрыйбасынан бөлүшүп, аларга режиссерлук өнөрдүн сырларын айтып бермекчи. Ошондой эле студенттер анын “Ата”, “Эсен жүрүп, эстей жүр” аттуу кыска метраждуу фильмдерин көрө алышат. (IJz)