Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

11:26 Шаар прокурору оппозиция лидерлерине эскертүү берери күтүлүүдө


Бул тууралуу шаардын прокурору Айбек Турганбаев “Акыйкат үчүн!” кыймылынын мүчөсү Азимбек Бекназаровго маалымдаган. Саясатчынын шаар прокурорунун маалыматына таянып билдиргенине караганда, эскертүү кыймылдын лидерлери Абдыганы Эркебаевге, Аликбек Жекшенкуловго, Өмүрбек Текебаевге, Темир Сариевге жана Азимбек Бекназаровго берилет. Бекназаров эскертүүнү бүгүн түштөн кийин кыймылдын кеңсесине, лидерлер чогулган жерге келип тапшырып кетүүнү” шаар прокуроруна сунуш кылганын “Азаттыкка” билдирди Эскертүүнү Бекназаров 12-апрелде өткөн элдик курултай менен байланыштырды. “Азаттыктын” шаардык прокуратурадан бул маалыматты тактоо аракетинен тыянак чыга элек.
Мындан мурда башкы прокуратура “Акыйкат үчүн!” кыймылынын алдындагы Коомдук парламентке анын аракеттери мыйзамсыз экендигин белгилеген кат жолдогон. (BuS)

XS
SM
MD
LG