Бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери Швейцарияда өтүп жаткан “Укук таануу” боюнча эл аралык конкурска катышып жатышат. Катаал конкурстан ийгиликтүү өтүшкөн кыргызстандык студенттер Борбор Азия чөлкөмүнөн тандалган жалгыз топ болушту. Гуманитардык укуктар боюнча Жан-Пикте атындагы эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан Мээрим Качкынбаева, Гүлназ Нааматова жана Александр Липскийлер катышып жатышат. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Америка университетинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)
11:47 Кыргыз студенттери “Укук таануу” боюнча Швейцарияда өтүп жаткан эл аралык конкурста