Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

12:51 Орусиялык аскер кызматкерине байланышкан ишти прокуратура тергейт


Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери маалымат жыйынында билдиришти. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов кечээ “Азаттыкка” автоинспекция кызматкерлеринин буйругуна баш ийген жок жана каршылык көрсөттү деген негиз менен аталган факт боюнча кылмыш козголгондугун кабарлаган. Кант аба майданында жайгашкан Орусиянын аба-аскер күчтөрүнүн каржы кызмат башчысынын орун басары Максим Зотов 20-апрелге караган түнү МАИ кызматкеринин огунан жарадар болуп, ооруканага жаткырылган. Милиция буга анын автоунаасы менен милициядан качканы жана аны кармаган учурда каршылык көрсөткөнү себеп болду деп тастыктоодо.
Тышкы иштер министрлиги Орусия элчилигинен окуяга байланыштуу нота келбегендигин маалымдоодо. Кечээ Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Тышкы иштер министрлигине кайрылуу даярдалып жаткандыгын маалымдаган болчу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Максим Зотовго Бишкек шаарындагы улуттук хирургия борборунда операция жасалды. Атылган ок Зотовдун оң далы тушуна тийип, өпкөсүнө залака келтирген. Азыр анын саламаттыгы канагаттандырарлык, сакаюу жолуна түштү. (BuS)

XS
SM
MD
LG