Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


Бүгүндөн тарта "Манас" кинотеатрында Рысбек Жабиров тарткан “Кайып булак” тасмасы көрсөтүлөт. Тасманын мазмуну боюнча жаштардын бир тобу эс алууга барып, ыйык жерге ыпылас мамиле жасаганы жана аны үчүн жаратылыштан өз жазаларын алганы чагылдырылат. Фильмде Сьездбек Искеналиев, Илияз Абдразаков, Замир мырза жана башка ырчылар ойнойт.

21-апрелде мамлекеттик тарых музейинде рокн-ролл музыкаларынын концерти өтөт. “Элвис” шоу деп аталган бул программаны Армениядагы белгилүү коллекционер Нарек Маркарян уюштурууда. Концерттен түшкөн каражат Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө которулат.

24-апрелде мамлекеттик тарых музейинде “Байыркы Кыргызстандын алтындары” аттуу көргөзмө ачылат. Маданият жана маалымат министрлигинин аймактык маданият башкармалыгынын башчысы Анара Боталиева кабарлагандай көргөзмөдө алтындан, күмүштөн, бронзодон жасалган буюмдар коюлат.

Бул жуманын белгилүү маданий иш-чарасы бул салтка айланган эл аралык жаз фестивалы. Үчүнчү ирет өтүүчү фестиваль 25-апрелден тарта 27-апрелге чейин улуттук филармониянын чоң залында өтөт. Ага Өзбекстан, Тажикистан, Германия, Венгрия өлкөлөрүнөн музыканттардын келери күтүлүүдө. Расмий программадан тышкары музыканттар түнкү клубдарда да өнөрлөрүн тартуулашып, Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайында устаттык сабактарды өтөт.

Бишкектеги Чуйков үй музейинде сүрөтчү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Дильфируз Игнатьеванын 70 жылдык мааракесине арналган көргөзмө өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн натюрморттору, пейзаждары коюлган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Чийген таш” аттуу сүрөт көргөзмөсү бул жумада да уланат. Анда келген сүрөт күйөрмандары сүрөтчүлөр Кожон Дарбанов менен Равшанбек Маматкуловдун Жалалабадда жайгашкан “Чийген таш” тарыхый комплексин чагылдырган эмгектерди көрө алышат.

Орусия, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн жана кыргыз цирк артистеринин биргелешкен чоң программадагы оюн-зоогу ишемби, жекшемби күндөрү кыргыз циркинде өтөт. Бул программа цирк өнөрүнүн түрдүү жанрларын камтыйт.

Орус драма театрынын артисттери бул жумада Эдуардо де Филиппонун “Чөптөгү пианино” спектаклин, Лопе де Веганын “Сахна артындагы ызы-чуу” комедиясын тартуулашат. Ал эми жекшембиде балдар үчүн Карло Гальдонинин “Сыйкырдуу гүл” жомогу көрсөтүлөт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG