Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

16:22 Эмилбек Каптагаев: 28-апрелде Каракол-Бишкек жүрүшү башталат


Бул тууралуу “Акыл ордо” кеңешинин мүчөсү Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 17-апрелде кеңештин Каракол шаарындагы жыйынында кабыл алынган. Буга Каркыра жайлоосунун жана Көл жээгиндеги төрт пансионаттын Казакстанга өткөрүлүп берилиши түрткү болгон,дейт саясатчы. “Акыл ордо” кеңеши “Ак жол” фракциясынын чечимин чыккынчылык деп баалап, бул боюнча президент Курманбек Бакиевдин кеңештин өкүлдөрүнө так маалымат берүүнү сураган кайрылуусун жолдогон. Президентке жолугууга өз өкүлдөрүн жиберерин белгилеген кеңеш он күн ичинде жооп болбосо өз талаптары менен Каракол-Бишкек жүрүшүнө чыгарын эскерткен. Ушул эле жыйында нааразылык чараларын уюштуруу жаңы түзүлгөн "Ыйык жерди коргоо" комитетине жүктөлгөн. Мукар Чолпонбаевдин жетегиндеги комитет элдин, жердин бүтүндүгүн коргоо, мекендин кол тийбестигин сактоо, сатылып кеткен элдин энчисин кайтаруу максаты менен түзүлдү деп билдирди “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев. (BuS)

XS
SM
MD
LG