Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Орусия Грузия менен почта байланышын калыбына келтирди


Грузиянын экономикалык өнүгүү боюнча министринин орун басары Вахтанг Лежаванын билдиргенине караганда, Орусия тарап эки өлкө ортосунда түз почта байланышы бүгүнтөн тарта калыбына келгенин расмий кабарлады. Президент Владимир Путин Грузия менен мамилени нормалдаштыруу багытындагы практикалык кадамдарды жасоого көрсөтмө бергенин орус тышкы иштер министрлиги өткөн жума күнү маалымдаган эле. Андай чаралар почта байланышын калыбынан келтирүүнү, визалык чектөөлөрдү жоюуну, Грузиядан импорттого тыюу салынган продукциялар боюнча консультацияларды өткөрүүнү карайт.

XS
SM
MD
LG