Нури ал –Малики араб өлкөлөрүн Саддам Хусеиндин режими учурунда алынган карыздарын кечүү менен катар Багдаддагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн маккамын көтөрүүгө үндөдү. Ал бул тууралуу Багдаддан Ирак боюнча эртең Кувейтте ачылуучу эл аралык конференцияга жөнөп жатып билдирди. Кувейтте, Ирактын жакынкы коңшулары менен дүйнөнүн ири өлкөлөрү катышуучу жыйында Иракка чек арасын бекемдөөдө, ички коопсуздук менен стабилдүүлүктү чыңдоо багытында жардам берүүнүн жолдору талкууланары күтүлүүдө.