Ооган коргоо министрлигинин маалыматына караганда, уруштардын бири түштүктөгү Гильменд провинциясында болгон, өкмөттүк жана коалициялык аскерлерге авиация колдоо көргөзүп, бул жерде жети согушкер жок кылынган. Дагы төрт согушкер Кандагардагы атышуу учурунда мерт болду. Ал эми ооган армиясынын беш аскери Забул провинциясында минанын жарылуусунан жаракат алды.